Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: НАТО Украина аркылуу санарип куралды эсеби жок таратып жатат

Министрдин орун басары Украинанын маалымат айдыңда кылган коркутуулары универсалдуу мүнөздө экендигин так түшүнүү керектигин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Түндүк атлантикалык альянс (НАТО) Украина аркылуу санарип куралды эсеби жок, көзөмөлсүз таратып жатат. Бул тууралуу Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Олег Сыромолотовдун айткандыгын РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, мунун кесепети дүйнө үчүн жаман болот.
"Украинанын маалымат айдыңда кылган коркутуулары универсалдуу мүнөздө экендигин так түшүнүү керек", — деген ал.
Сыромолотовдун айтымында, НАТО Украина аркылуу санарип куралды эсеби жок, көзөмөлсүз таратып жатат.
"Мунун кесепети эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү үчүн күтүүсүз болушу мүмкүн: бүгүн Россия бутага алынса, ал эми эртең биздин ордубузда Вашингтонго жакпай калган башка мамлекет болушу мүмкүн", — деп түшүндүргөн ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Украина менен АКШ чыныгы биримдикке жеткенин айтты