БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Улуттук идеология жок болгондуктан ар кандай бейөкмөт уюмдар ЛГБТ болууну жаштардын мээсине сиңирип жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.
Анын айтымында, 32 жылдан бери Кыргызстандын улуттук идеологиясы каралбай калган. Ошол бош калган вакуумду Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар, сырттан келген ар кандай диний секталар, нукура салтты бурмалаган дааватчылар ээлеп алган.
"Жаштарыбыздын башын айландырып, улуттук нарк-насил, каада-салт, ар-намыс дегендин баары жоголуп кетти. Ошон үчүн бүгүнкү күндө турмушка жеңил карап, ажырашуулар көбөйдү. Бир жылда 10 түгөй үйлөнсө, кайра беш-алтоо сөзсүз ажырашат. Тирүүлөй жетимдердин саны өтө көп. Жаштарды тарбиялай турган маселе орчундуу. Жанагы бош калган вакуумду силер толтургула. Мыйзам аркылуу куралданып, алдыга чыксаңар болот. Конкреттүү иштерди жасабай жатасыңар", — деп кайрылды Нарматова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековго.
Эл өкүлү Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды алып чыкканы үчүн ага асылып жатышканын айтты.
"Көрүнгөн туура эмес идеологияларды жаштардын мээсине сиңирип, гейлерди, ЛГБТларды уюштуруп жатышат. Эркек менен эркек, кыз менен кыз жашаса болот деген идеологияны жок кылгыла. Ыйман, ынсап, адеп-ахлак деген жок болуп баратат", — деди депутат.
Парламентте бүгүн "Жаштар жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Нарматова документти иштеп чыгууда өзүнө окшогон тажрыйбалуу адамдар менен кеңешүүгө чакырды.