Кытайда 200 автоунаа катышкан ири жол кырсыгы катталды

Ири жол кырсыгы катталган жерде 66 куткаруучу иштеп жаткандыгы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кытайдын борбордук Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу шаарында коюу тумандан улам 200дөн ашык унаа кагышып, кеминде бир адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берип жазды.
Жол кырсыгы шаршемби күнү жергиликтүү саат боюнча 7:40та эки тараптуу унаа жолунда болгон. Жолдун начар көрүнүшүнөн улам унаалар бири-бирин сүзүп, үйүлүп калган.
Жеринде иштеген куткаруучулардын бири "Хэнань цзяотун" радиосунун кабарчыларына 200 унаа жол кырсыгына кабылганын айткан.
Учурда ири жол кырсыгы катталган жерде 11 өрт өчүргүч унаасы жана 66 куткаруучу иштеп жаткандыгы маалымдалган.
ЖМК: Кытай 8-январдан тарта карантинди токтотууну пландап жатат