БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү мыйзам долбоору сунушталууда.
Аталган демилге парламентте каралып, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков баяндама жасады.
Учурда жаштардын курагы 14төн 28 жашка чейин деп белгиленген.
"Эгер таржымалын карасак 2000-жылга чейин жаштардын курагы 35 жашка чейин болгон. Кийин 2009-жылы 28 жашка түшүп калган. Ошол кезде жаш үй-бүлөлөргө жөлөк пул каралчу. Анан бюджетке оор келип калгандыктан түшүрүлгөн экен. Экинчиси ал кезде үй-бүлө кургандардын орточо курагы 22-23 жаш болгон. Азыр 27-28 жаш болуп кетүүдө. Андыктан жаш үй-бүлө катары жөлөк пул албай калышкан. Ошондуктан курагын көтөрүп жатабыз", — деди Надырбеков.
Ошондой эле ал Россияда жаштардын курагы 35 жашка чейин экенин белгиледи. Казакстанда эки ай мурда көтөрүлсө, Өзбекстан да жогорулатуу алдында турат. Тажикстан, Түркмөнстан жана Арменияда 30 жашка чейинкилер жаш деп саналат.