БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларга мунапыс берүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин ЖКККБ башчысы Азамат Исраилов билдирди.
Бул үчүн министрлер кабинетинин башчысынын буйругу менен жумушчу комиссия түзүлдү.
"Биз Казакстандын тажрыйбасына таянып, импорттук автоунааларды мыйзамдаштыруу маселесин карап жатабыз. Бул бир жолку акция болот. Бирок бул маселени Ички иштер министрлиги жалгыз чече албайт, бажы жагынан жол-жоболоштуруу маселеси да бар. Комиссияга 10-февралга чейин маселени чечүү тапшырмасы берилди", — деди Исраилов.
Буга чейин темир тулпарларды мыйзамдаштыруу талабы менен Өкмөт үйүнүн алдында бир нече митингдер өткөн. Жакында оң рулдуу автокөлүктөрдү алып кирүүгө тыюу салуу боюнча өткөн акцияда мунапыс берүү өтүнүчү айтылган.
Кыргызстанда 1,2 миллиондон ашык автоунаа бар. Расмий маалыматтар боюнча, алардын 200 миңге жакыны оң рулдуулар. Ошол эле учурда адистердин айтымында, оң рулдуу он миңдеген автоунаалар эсепке алынбаган бойдон калууда.
Ошондой эле буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары оң рулдуу машиналарды алып кирүүгө уруксат берүүнү демилгелеген. Анткен менен Кыргызстандын министрлер кабинети оң рулдуу техникалардын айынан жол кырсыгы көбөйүп жатканын айтууда. Жакында президент Садыр Жапаров оң рулдуу унааларды алып кирүүгө каршы экенин билдирди. Ички иштер министрлиги да мындай таксилерге тыюу салууну колдойт.
Эске салсак, бир нече күн мурун Казакстанда 20 миң оң рулдуу унаа мыйзамдаштырыла тургандыгы айтылган.