Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин эң көбү Казакстанга сатылат. Бул тууралуу Кызжибек Бакытбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кол өнөрчүлөрдү колдоо максатында алдыдагы жылдарда мамлекеттик жана дүйнөлүк иш-чараларды уюштуруу пландалууда.
"Кол өнөрчүлөр мурда башка министрликтердин карамагында турса, бизге өткөнүнө бир жыл гана болду. Бул аралыкта аларга мүмкүн болушунча колдоо көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз. Декабрь айынын ортосунда "Көчмөн сыры" аттуу кол өнөрчүлөрдүн форуму жана көргөзмө өттү. Анда байкаганым боюнча, бул тармакта иштеп келе жаткан таланттуулар абдан көп экен. Биз болгону алардын ичиндеги чыгармачылыгын сыртка чыгарууга жана эмгектерин жайылтууга көмөк көрсөтүшүбүз зарыл. Кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн өнүктүрүүгө жана аларды муундан-муунга калтыруу аракетиндебиз. Алдыдагы жылдарда мамлекеттик жана дүйнөлүк иш-чаралардын уюштурулушу пландалууда. Мындан сырткары, аймактарда чеберчилик менен алектенген кыз-келиндер арбын. Алардын баарын каттоодон өткөрүп, жасаган нерселерин сатууга шарт түзүп беришибиз керек. Кыргызстанда интернет жакшы иштейт. Муну пайдаланып, башка өлкөлөр менен тыгыз иштешсек болот. Азыркы кезде биздеги кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин эң көбү Казакстанга сатылууда", — деди Бакытбек кызы.
Ал чет өлкөлүктөр тарабынан кыргыз кол өнөрчүлөрүнө болгон суроо-талап күч экенин кошумчалады.