Элчилик Россияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

Элчилик жети жаза өтөө мекемелериндеги 56 айыпталуучу менен жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери аталган өлкөнүн абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган дипломатиялык өкүлчүлүктөн маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 22-декабрдан 24-декабрга чейин элчилик тарабынан кыргызстандыктардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кызматкерлер Татарстан жана Мурманск облусундагы жаза аткаруу тутумундагы жети мекемеде жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жарандарга барышкан.
"Бул мекемелерде 56 кыргыз жараны жазасын өтөп жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери алар менен көзмө-көз сүйлөшүп, маселелерин угушту. Анын ичинде жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуунун тартиби боюнча толук маалымат берип, жаза өтөп жаткандардын өтүнүчтөрү да эске алынды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Приволжье федералдык округундагы жана Мурманск облусундагы 70ке жакын кыргызстандыкка консулдук кызматтардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады.
Россияда кошумча текшерилген КР жарандарынын жарымынан жугуштуу оору чыкты