Бишкектеги рейд: автоунаанын айнегин мыйзамсыз караңгылаткан 37 айдоочу кармалды

Кайгуул милициясы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Борбор калаада 21-декабрдан тарта 1-январга чейин жол эрежелерин кескин түрдө бузгандарды, анын ичинде автоунаанын айнегин мыйзамсыз күңүрттөткөндөрдү табуу боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Милициянын Кайгуул кызматынан кабарлады.
1 / 4

Борбор калаада 21-декабрдан тарта 1-январга чейин жол эрежелерин кескин түрдө бузгандарды, анын ичинде автоунаанын айнегин мыйзамсыз күңүрттөткөндөрдү табуу боюнча рейд жүрүп жатат

2 / 4

Ведомствонун жеке курамы майрам алдында күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат

3 / 4

Рейд учурунда автокөлүктүн маңдай жана каптал жактагы айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган 37 автоунаа ээси кармалган

4 / 4

Милициянын Кайгуул кызматынан быйылкы жылы автоунаанын айнегин мыйзамсыз күңүрттөткөн жеке тараптар 20 миң, ал эми юридикалык жактар 40 миң сом айып төлөөрүн айтышты

Ведомствонун жеке курамы майрам алдында күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Рейд учурунда автокөлүктүн маңдай жана каптал жактагы айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган 37 автоунаа ээси кармалган.
Милициянын Кайгуул кызматынан быйылкы жылы автоунаанын айнегин мыйзамсыз күңүрттөткөн жеке тараптар 20 миң, ал эми юридикалык жактар 40 миң сом айып төлөөрүн айтышты.
Пиво эле ичкем. Министрдин орун басары Татиковдун кайгуулчуларга түшкөн видеосу