Быйыл COVID учурунда иштеген 737 медикке 73 млн. сом компенсация берилди

Кошумча каражат алган ак халатчандардын саны былтыркыга салыштырмалуу үч эсе жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаал учурунда COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылап иштеген 737 медикке быйыл 73 миллион сомго чукул компенсация берилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, кызмат учурунда ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 242 дарыгерге 28,9 миллион, ал эми 363 орто персоналга 33,3 миллион, кийинки 132 кенже жана башка кызматкерлерге 10,4 миллион сом чегерилген.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду былтыр 253 медикке 18,9 миллион сом төлөнгөнүн белгиледи.
2021 жана 2022-жылдарды кошуп эсептегенде баш-аягы медициналык 990 кызматкерге 91 миллион 896,1 миң сом компенсация чегерилген.
Эт ысып, жөтөлгөндө иччү дарыларды 50% жеңилдик менен алса болот