БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2023-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандагы айдоочулар Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок болсо айып төлөйт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлады.
Анда 2015-жылдан бери Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам бар экени айтылган. Анткен менен ар кандай себептерден улам ал ишке ашпай калган. Быйыл документтин толук иштеши үчүн ага көмөкчү болгон закон алдындагы актыларды иштеп чыгышкан.
"Камсыздандыруу полисинин жоктугу финансылык кыйынчылыктарга жана жол кырсыктагы күнөөсүз тараптын күнөөлүү жак менен соттошуусуна алып келет. Аталган полис болсо, камсыздаган компания жабырлануучуга камсыздандырып, ордун толтуруп берет. Муну менен узакка созулган териштирүүлөргө убакыт кетирбей, аталган жаатта да корголгондук болмок", — деп айтылган билдирүүдө.
Жогорудагы мыйзамды ишке ашыруу үчүн министрлер кабинети 2023-жылдын 1-апрелинде күчүнө кире турган мыйзам кабыл алды. Анда автоинспекция эгерде полис жок болсо айып төлөтөрүн айтты. Экономика министрлигинен Тартип бузуулар кодексине ылайык, мындай учурда айып пул 3000 сомду түзөрүн айтышты.