БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Нарын облусунда жазаланган милиция кызматкерлеринин арасында Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку төрага Дастан Жумабековдун агасы да бар.
Алмазбек Жумабеков 2021-жылдын февраль айынан бери аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Ал Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан өздүк курамды ротациялоо учурунда которулган. Эми ал учурдагы ээлеген кызматынан четтетилди.
Буга чейин ички иштер министри Уланбек Ниязбеков жергиликтүү милиционерлер бандиттер менен дос, тааныш болуп калганын билдирген. Буга Кочкордо акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана кылмышты жашырган милиция кызматкерлеринин кармалышы себеп болгон.
Мындан кийин Нарын милициясынын 31 кызматкери жазаланган.