БИШКЕК, 27-дек.– Sputnik. Кыйынчылыкка кабылган мигранттарга кырдаалдан чыгуу жолдорун этап-этабы менен көрсөтүп бере турган сервис иштелип чыгууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Россия ИИМинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Демиденко билдирди.
Анын айтымында, Миграция боюнча башкы башкармалыктын сайтында "турмуштук кырдаал" деп аталган өзүнчө сервис пайда болот.
"Кандай максат коюлган? Жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын кайрылууларынын негизинде этап-этабы менен көрсөтмөлөр берилет, мисалы, "кабыл алган мамлекет мени миграциялык каттоого алгысы келбесе эмне кылуу керек" деген же ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелер боюнча жооп алууга болот. Кызмат эки айдан кийин ишке кирет деп пландап жатабыз", — деди Демиденко.
Ошондой эле көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде убактылуу же туруктуу жашоо статусун алууга байланыштуу маалыматтар сайтта жеткиликтүү экендигин айтты.
Ал ортомчулардын кызматынан баш тартууга чакырып, бул ашыкча чыгымга кептей турганын жана алдамчылыктын курмандыгы болуп калуу тобокелдиги күч болорун кошумчалаган.