Садыр Жапаров Санкт-Петербургдан Бишкекке кайтып келди

Бул КМШ лидерлеринин узап бара жаткан жыл ичиндеги экинчи жолугушуусу болду. Кыргызстандын президенти биринчи жолугушууга катышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун 26-27-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы жыл сайын салттуу түрдө Россиянын демилгеси менен өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда КМШ өлкөлөрүнүн башчылары Орус музейине барып, россиялык белгилүү искусство чеберлеринин эмгектери менен таанышты, ошондой эле бейформал эртең мененки тамактанууда болушту.
Мамлекет башчысы бүгүн, 27-декабрда, Бишкекке кайтып келди.
Жапаров Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты