Радио

Айзада Амангелди: Муса Матеев тууралуу тасма Россияда көрсөтүлдү

Кинодраматург, режиссер, сценарист жана продюсер Айзада Амангелди "Профессор Муса Матеев" тасмасын Россиядагы көрүүчүлөр жакшы кабыл алганын айтты.
Sputnik
"Профессор Муса Матеев" толук метраждуу тасмасы Россияда өткөн Буддист эл аралык кино фестивалында көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын режиссеру Айзада Амангелди Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган тасма анын алгачкы толук метраждуу киносу.
"Буддист эл аралык кино фестивалына россиялык досумдун сунушу менен катышып калдым. Негизи анда бир гана оюн тасмалары көрсөтүлмөк, бирок менин "Профессор Муса Матеев" тасмамды калыстар тобу да жактыргандыктан сынактан сырткары көрсөтүүнү чечишти. Фестивалга өзүм барган жокмун, ал жактагы тааныштарымдын айтканы боюнча, россиялыктар киномду абдан жакшы кабыл алышыптыр. Бул менин алгачкы толук метраждуу тасмам жана медициналык багытта да алгачкы долбоорум болду. Муса Матеевдин орду эл аралык аренада абдан чоң. Чет өлкөлүк хирургдар ал кишини абдан сыйлашат. Дүйнөнүн булуң-бурчунан алдыңкы университеттер чакырып, автордук мастер-класстар уюштурулчу. Тилекке каршы, бизде ал кишини анча тааный беришпейт",— деди кинодраматург.
Ал алдыда улуттук идеологияга басым жасап, "Манасчы кыздар" аталышындагы тасма тартуу алдында турганын кошумчалады.