БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Баткен облусунда талкаланган, өрттөлгөн үйлөр кийинки жылы жазында курулуп бүтөт. Бул туурасында Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев билдирди.
Анын айтымында, үйлөрдүн курулушун жаңы жылга чейин аяктоо пландалган. Бирок учурдагы даярдыкты эске алганда 26 гана үй бүтөрү болжолдонууда.
Кечеңдегенинин себептери:
подрядчы компаниянын кесипкөйлүгүнүн жетишсиздиги;
курулуштун ченемдик нормаларын сактоо муктаждыгы болгон. Мисалы, бетондун технологиялык күчтөнүү убактысы аба ырайын эске алуу менен 20-28 күндү, цемент аралашмасынын катуулоосу 24 саатты түзөт;
объектилер кыргыз-тажик чек арасынын аймагында жайгашкандыктан коопсуздук көйгөйү болуп куруучулардын жетишсиздиги болууда;
кыш түшүп күндүн сууктап кетиши.
"Ар бир турак жайдын аянты 91,2 чарчы метрди түзөт. Сметалык баасы 5 миллион сом болуп, кийин тендердик баасы 3 миллион 500 миң сомго түшкөн. Жалпысынан турак жайларды курууга 1 миллиард 400 миллион сомго жакын каражат каралган. Бүгүнкү күндө акчанын 94 пайыз которулду. Бирок подрядчы компания 497 миллион сомго гана отчет берди", — деди Жетибаев.
Мамкурулуштун маалыматы боюнча, Баткенде 420 үйдү кайрадан куруу муктаждыгы жаралган. "Аманат курулуш инвест" компаниясы башкы подрядчы катары тандалып, ал 34 субподрядчы жалдаган.