РФ мигранттарды "кара тизмеге" киргизүү себептерин кыскартууну көздөп жатат

Быйылкы жылдын 1-октябрына карата РФтеги кара тизмеде 38 миңден ашуун кыргызстандыктын бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. – Sputnik. Россияда мигранттардын абалын жеңилдетүү жана кара тизмеге киргизүүнүн себептерин азайтуу үчүн мыйзамдарды өзгөртүү каралууда. Бул тууралуу Россиянын ички иштер министрлигинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Демиденко билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын мигранттарга арналган жыйыны өттү.
Демиденко Россияда 2024-жылдын 1-январынан тарта дээрлик бардык миграциялык процедураларды өзгөртүү пландалып жатканын айтты. Бул Кыргызстандын жарандарынын абалын, анын ичинде ал жакта жүрүүнүн шарттарын, тартибин жеңилдетет деген ишенимде. РФте бир миллионго чукул кыргызстандык болсо, анын 700 миңге жакыны жумуш менен камсыз болгондугу тастыкталган.
"Бул чоң сандар, биз мыйзамды сыйлаган жарандар өлкөбүздө жүргөндө ашыкча тоскоолдуктарга кабылбашы үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз", — деди ИИМдин Миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары.
Бирок, бул мыйзам долбоорлорунун деңгээлинде экенин жана акыркы чечим эместигин баса белгиледи. Тактап айтканда, электрондук маалымдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болуп жатат. Андан сырткары кыргызстандыктар кандай себептер менен "кара тизмеге" киргени суралган.
"Эки же андан көп административдик укук бузууларды жасаса кара тизмеге кирүүгө негизги себеп болот. Бирок, тилекке каршы, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте градация жок. Башкача айтканда, ар кандай административдик укук бузуулар болушу мүмкүн, мисалы, жол кыймылынын эрежесин бузуу", — деди Демиденко.
Миграция иштери боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары бул ири мыйзам чыгаруу иштеринин алкагында өзгөртүүлөр – административдик укук бузуулардын оордугуна жараша градациясын белгилөө даярдалып жатканын кошумчалады. Ошого жараша мигранттар үчүн укуктук кесепеттер да ар кандай болот.
"Эгерде майда мыйзам бузууларды жасаса, Россияга кирүүгө тыюу салынбайт", — деп кошумчалады ал.

Мигранттардын абалы

Кыргызстандын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова жыйындын күн тартибине бир катар маселелер киргенин, анын ичинде миграциялык каттоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана административдик укук бузуулар үчүн жазаны жеңилдетүү каралганын айтты. Мындан сырткары, кыргызстандыктардын Россиянын мыйзамдарын билиши үчүн маалымат кампаниясын өткөрүү каралган, анда укуктарды кантип коргоо боюнча суроолор камтылган.
"1-октябрга карата кара тизмеде 38 миңден ашуун жараныбыз бар. Расмий маалыматтар боюнча, ай сайын орто эсеп менен эки миң кыргызстандык кара тизмеге кирип калат", — деп кошумчалады ал.
Кадырбеков: Россияда мигранттарды каттоо мыйзамын жеңилдетүү каралып жатат