БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 30 миллиард 640,8 миллион сом жумшалды. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.
Сырткы карыз — эл аралык уюмдардан жана башка өлкөлөрдөн чет элдик валюта түрүндө (доллар, евро жана башка) алынган кредит. Ички карыз мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан (сом түрүндө) түзүлөт.
Январь-ноябрь айларында кыргыз өкмөтү 20 миллиард 634 миллион сомдук сырткы карызынан кутулган, ал эми 10 миллиард сомдон ашыгыраагы ички карызды жабууга бөлүнгөн.
Соңку маалымат боюнча (октябрдын аягы), мамлекеттик карыз 5,2 миллиард доллардан ашты.