БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Сузак райондук милициясынын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштарын жашырган факты аныкталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында төмөнкү жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазага тартылды:
Кызмат ордуларынан бошотулгандар: Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси, полковник А. Тагаев, Сузак РИИБдин жетекчиси полковник Замирбек Ормонов, Сузак РИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары майор А. Бакиров, Сузак РИИБдин жетекчисинин орун басары подполковник Б. Маткеримов.
"Катуу сөгүш" тартиптик жазасы берилгендер: Жалал-Абад облусунун сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары Б. Кулжанов, Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси полковник Н. Долонов, Жалал-Абад ОИИБдин ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы полковник С. Жумагулов, Жалал-Абад ОИИБ штабынын башчысы полковник М. Ташбаев, Сузак РИИБдин башчысынын орун басары майор К. Саркаров, Сузак РИИБ жетекчисинин кадр боюнча орун басары майор Н. Далбаев.
"Сөгүш" алгандар: Жалал-Абад ОИИБдин ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлдөрү Н. Жолоев жана А. Абдыраимов.
Тартиптик жоопкерчилиги ден соолугу оңолгондон кийин карала тургандар:
Жалал-Абад ОИИБдин оперативдүү иштер боюнча жетекчисинин орун басары К. Рахманов, кызмат боюнча начальнигинин орун басары Н. Сыдыков, кадр иштери боюнча жетекчисинин орун басары М. Масиркулов.
ИИМ кемчиликтери көп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча өз убагында чараларды көрбөгөн, кызматына шалаакы мамиле кылган, коомдук тартипти коргобогон же жеке кызыкчылыктарын көздөгөн жетекчилерге эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертип келет.