КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттери Орус музейин кыдырды. Видео

Sputnik
РФ президенти Владимир Путин КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитинин катышуучулары менен Мамлекеттик орус музейине барды. Бул тууралуу Кремлдин сайтында айтылат.
Россия, Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан президенттери, Армения премьер-министри Михайловск сарайындагы ретроспективдүү экспозициялардын негизги бөлүгүн көрүп чыгышты.
Лидерлер бейформал жолугушуунун алкагында №14 жана №15 — чоң бий же Академиялык залды кыдырышты. Ал жерге XIX кылымдын биринчи жарымындагы, Карл Брюлловдун, Иван Айвазовскийдин, Фёдор Брунинин кыл калеминен жаралган эмгектер коюлган.
Президенттерге көркөм өнөрдүн эмгектери боюнча экскурсияны музейдин директору Владимир Гусев жасаган.
Орус музейи 1898-жылы ачылган, бул көркөм өнөрдүн борбору орус искусствосундагы музейлердин ичинен эң ирилеринен болуп саналат. Анын коллекциясында 400 миңден ашык, X - XXI кылымдардагы экспонаттар бар. Санкт-Петербургдун тарыхый борборундагы архитектуралык-көркөм комплекстин курамына Михайлов бакчасы, Жайкы бакча Петр Iдин жайкы сарайы, Петр Iдин чакан үйү жана Михайлов сепили кирет.
Путин КМШдан барган кесиптештеринин алдында сүйлөдү. Негизги учурлары