ИИМ турак жай кооперативдерине козголгон иштер кандай тергелип жатканын айтты

Үй алууда алданганын айтып миңге чукул жаран милицияга арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги турак жай кооперативдерине карата тергелип жаткан кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, S-Line турак жай кооперативинин үстүнөн 80ден ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 80 миллион сомду түзөт. "Ихсан Групп ЛТД" боюнча 500 кылмыш иши козголуп, жарандарга 600 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Аталган кооперативдердин бир катар жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Аны менен катар "Береке Групп ЛТД" кооперативинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча 300 арыз түшкөн. Иш иликтенип жатат.
"ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы кыймылсыз мүлк алуунун ар кандай түрлөрү бар экендигин белгилейт. Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок алардын каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчсыздандырат. Андыктан акча салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертебиз", — деп кайрылды ИИМ.
Министрлик акыркы жылдары кооператив аркылуу үй алуу ыкмасы активдүү жайылганын, ошол эле учурда алдангандардын да саны өсүп жатканын белгиледи.
Эл турак жай кооперативдеринен акчасын кантип өндүрүп алат? ИИМдин жообу