Радио

Мурзабеков: депозиттерди компенсациялоонун кепилденген суммасы 400 миң сом

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков элдин банк системасына болгон ишеними жогору экендигин айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө банк жабылып же банкротко туш болгон учурда мамлекет депозиттердин кепилденген 200 миң сомун төлөп берет. Мыйзамдын жаңы редакциясында депозиттерди компенсациялоонун кепилденген суммасы 400 миң сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу Эркебай Мурзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн 2026-жылга чейинки өнүгүү программасына ылайык, 2022-2023-жылдары Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке кепилденген сумманы жогорулатуу боюнча сунуш болгон.
"Өкмөттүн 2026-жылга чейинки өнүгүү программасына ылайык, 2022-2023-жылдары Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке кепилденген сумманы жогорулатуу боюнча сунуш болгон. Ага байланыштуу "Аманаттарды коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралган. Бүгүнкү күндө банк жабылып же банкротко туш болгон учурда мамлекет депозиттердин кепилденген 200 миң сомун төлөп берет. Мыйзамдын жаңы редакциясында депозиттерди компенсациялоонун кепилденген суммасы 400 миң сомго көтөрүлөт. Буга депозиттерди коргоо фондунун акыркы жылдардагы өсүшү да себеп болду. Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, учурда министрлер кабинетинин кароосунда. Жарандардын финансылык сабаттуулугун көтөрүү менен экономикага жакшы салым кошууга мүмкүн. Учурда кыргызстандыктардын банк системасынын ишмердүүлүгүнө ишеними жогору болуп калды", — деди Мурзабеков.
Ошондой эле адис жарандар финансылык сабаттуулугун жогорулатып, акчасын коопсуз сактоо, көбөйтүү, туура пайдалануу жолун билиши керектигин кошумчалады.