БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мектептердеги карантин бүтүп, окуучулар эртеңден, 28-декабрдан тарта, кадимки шартта окууга чыгышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Бишкектеги мектептерде карантин 28-декабрга чейин деп белгиленген. Окуучулар эртеңден тарта эки күнгө экинчи чейректин жыйынтыгын чыгаруу үчүн окууга барышат. Андан кийин алар 30-декабрда каникулга тарашат", — деп билдирди министрликтен.
Ошондой эле министрлик аймактардагы мектептер 26-декабрдан баштап жарым-жартылай ачылып жаткандыгын жана карантиндин уланар-уланбасын облустук бийлик өзү чечерин кошумчалады.