Баткендин 3 781 тургуну ар жакта баш калкалоодо. Үйлөрү быйыл кышта бүтпөйт

Баткенде үйсүз калган 678 үй-бүлөгө убактылуу жашоо үчүн 200 миң сомдон берилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан улам үй-жайсыз калган Баткен облусунун 3 781 тургуну ар жакта баш калкалап жүрөт. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев парламенттин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, жарандардын көпчүлүгү Бишкекте, Чүй облусунда, Баткен шаарындагы колледждерде жана мэрия тарабынан уюштурулган имараттарда жашап жатышат.
"Үйү толук өрттөнүп кеткен жана талкаланган 678 жаранга атайын эсепке түшкөн каражаттан 200 миң сомдон бөлгөнбүз. Каражат үйү толук курулуп бүткөнгө чейин жашап туруу үчүн берилген", — деди Тулаев.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев турак жайларды "Аманат курулуш инвест" компаниясы салып жатканын айтты. Учурда 420 үйдүн экөө гана толук курулуп бүткөн, ушул жумада тургундардын кириши пландалууда.
Бирок ал келишимдеги графиктен артта калып, иш кечеңдеп жатканын мойнуна алды. Мындан улам компанияга Мамкурулуш тарабынан 92 ирет эскертүү берилген.
Депутат: көз жумган жоокердин бала-чакасы аскер бөлүктө жашоодо, үйдү ата-энеси алган