Депутат: көз жумган жоокердин бала-чакасы аскер бөлүктө жашоодо, үйдү ата-энеси алган

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта каза болгон жоокер Мирлан Ниязовдун кош бойлуу жубайы Баткендеги аскер бөлүктө эки баласы менен жашап жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов тармактык комитеттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет тарабынан берилген үйдү жоокердин ата-энеси алган.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев бул боюнча кабардар экенин, жергиликтүү бийлик органдары иштеп жатканын айтты.
Ал эми президенттин Баткен облусундагы өкүлү Маруфхан Тулаев ал үйдү маркумдун ата-энесине Чек ара кызматы бергенин белгиледи. Облус жетекчилиги аталган маселени карап жатканын кошумчалады.
"Мамлекет ушуну көзөмөлдөп берсеңер. Мындай учурда мүлк талашып маркумдун канынан жаралган балдарга да бербей алып койгон жагдайлар болот. Акыйкат чечим чыгарыш керек да. Курман болгон жоокерибиз да балдары кыйналып аскер бөлүгүндө жашап жатканын көрүп тынч жатпаса керек", — деди Икрамов.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тарых музейинде Баткенде курман болгон жоокерлерге арналган көргөзмө ачылды