Лавров: АКШ Россия президентин жок кыларын айтып коркутууда

Мындан тышкары, министр Батыштан өзөктүк чөйрөдө конфронтациялык сигналдар түшүп жатканын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Пентагондун "аты аталбаган адамдарынын" Кремлди "башчысынан ажыратчу соккусу" боюнча билдирүүлөрү чындыгында Россия жетекчисин жок кылууну түшүндүрөт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.
"Вашингтондо Пентагондун кээ бир "аты аталбаган адамдары" Кремлге "башчысынан ажыратчу сокку" болот деп коркутушкан. Чындыгында мында сөз Россия лидерин жок кылуу коркунучу жөнүндө болуп жатат. Эгерде чындап эле кимдир бирөө бул тууралуу ойлонуп жаткан болсо, анда ал мындай пландардын кесепети тууралуу жакшылап акыл калчашы керек", — деди Лавров.
Мындан тышкары, Россиянын ТИМ башчысы Батыштан өзөктүк чөйрөдө конфронтациялык сигналдардын түшүп жатканын эскертти.
"Алар адеп-ахлак дегенден таптакыр эле баш тартып коюшту окшойт. Шайлоо алдындагы дебаттарда өзөктүк сокку урууга тапшырма берүүгө даяр экендигин ачык эле айткан Лиз Трасс (Улуу Британиянын экс-премьери) өзгөчөлөндү", — деди министр.
Лавров ошондой эле Киев режими тууралуу да айтты.
"Киев режиминин чектен чыккан чагымчылдыгын айтпай эле коёюн. Владимир Зеленский НАТО өлкөлөрү менен Россияга каршы эскертүүчү өзөктүк сокку уруу боюнча алдын ала макулдашууга чейин барды. Бул да чектен чыгуу болуп саналат. Бирок бул режимдин башчыларынан эмнелерди гана уккан жокпуз", — деп кошумчалады Лавров.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш жакында эки тизгин, бир чылбырдан биротоло кол жууйт