28-декабрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстанда шаршембиде күндүн суугу -12 градуска чейин жетерин Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Эртең Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарында жана өлкөнүн башка региондорунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Синоптиктер абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +6...+11, ал эми Нарында -7...-12 градус болорун билдиришти.
Термометр Бишкекте +6...+8 жана Ош калаасында +9...+11 градусту көрсөтөт.
Жылдын соңку аптасында Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?