Жапаров Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

Токаев Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда Жапаровго ири ийгиликтерди каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Борис Ельцин атындагы президенттик китепканада өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери бейформал жолугушуу залына өтүштү.
Россиянын лидери Владимир Путин саламдашуу сөзүндө өлкө башчылары чакырууну кабыл алып Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келгени үчүн баарына ыраазычылык билдирди.
"Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы төрагалык кылган мезгилде шериктештиктин потенциалын чыңдоо боюнча конкреттүү чаралар боюнча анализ жасады. Ал ошондой эле Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда президент Жапаровго ири ийгиликтерди каалады", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Россия лидери Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун лидери Александр Лукашенко, Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан, Түркөмөнстан жетекчилери Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин бейформал саммити. Видео