Жаңы жыл түнү суук болот. Талас облусундагы бир жумага карата аба ырайы

Жыл жаңырган түндө өрөөндөрдө -17 градуска чейин суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, 26-27-декабрь күндөрү жаан-чачын болбойт. 28-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-декабрда дагы күн ачык болуп турат. 30-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаайт.
31-декабрда жана 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жыл жаңырган түнү өрөөндөрдө -17 градуска чейин суук болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жылдын соңку аптасында Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?