Радио

Сокеев: өлкөнүн суу ресурсун жөнгө салуу үчүн реформа керек

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев суу ресурстарын башкаруу, гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр жаатында реформа керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстандын суу ресурстарынын келечегине комплекстүү баа берилип, көп багыттуу иштер жасалышы керек. Бул тууралуу Алмазбек Сокеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жылына болжол менен 10 миллиард метр куб суу пайдаланылат.
"Кыргызстандын суу ресурсунун келечегине комплекстүү баа берилип, көп багыттуу иштер жасалышы керек. Суу ресурстарын башкаруу, гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр жаатында реформа зарыл болуп турат. Кыргызстан — Борбор Азиядагы суу ресурстары ɵзүнүн аймагында толугу менен калыптанган, гидрологиялык ɵзгɵчɵлүккө жана артыкчылыкка ээ өлкө. Сууну туура колдонуу абзел. Мисалы, бизде жылына болжол менен 10 миллиард метр куб суу пайдаланылат. Ал эми суу жеткирүүдɵгү жоготуулар 1,7-2,3 миллиард метр кубга чейин жетет. Биз суунун 90 пайыздан ашыгын сугат иштерине пайдаланабыз. Эгерде аны туура колдонсок, суу тартыштыгы жаралбайт эле", — деди Сокеев.
Ошондой эле адис Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ учурда иш жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.