Самат "Кыргыз" дагы бир ирет Hardcore бокс лигасынын чемпиону болду. Видео

Мушкер ооруп жатканына карабай беттешке чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Самат "Кыргыз" Абдырахманов таймашуу боюнча дүйнөнүн эң ири лигасы Bare Knuckle FCнин мурдагы чемпиону Элвин Бритону жеңип алды.
Ал түндө 72,5 килограммга чейинки салмакта Hardcore Boxing боюнча профессионалдык бокс лигасынын чемпиону аталды. Мушкер ооруп жатканына карабай беттешке чыгып, атаандашын утуп чыккан.
Аталган мелдеш Москвада өтүп, Россиянын профессионалдык бокс Hardcore лигасы уюштурган.
Абдырахманов буга чейин мээлейсиз урушкан Hardcore FC экинчи сезонунун жеңүүчүсү болгон.
Акжол Махмудов "Азиянын эң мыкты балбаны" деп табылды