Путин КМШдан барган кесиптештеринин алдында сүйлөдү. Негизги учурлары

Путин күн тартибинде турган регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулоону сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынан бейформал жолугушуусунда сүйлөдү.
Ал жыйынды ачып жатып Шериктештиктин алкагында 2022-жылы жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарууну, келечек пландар тууралуу сүйлөшүүнү, күн тартибиндеги регионалдык жана эл аралык  маселелерди талкуулоону сунуштады.
Путиндин билдирүүлөрүнүн негизги учурлары:
Россиянын КМШ өлкөлөрүнүн баары менен товар жүгүртүүсү өсүп жатат. Январь-октябрь айларына карата 6,6 пайызга жогорулаган. Жыл соңунда жүгүртүүнүн көлөмү 100 миллиард долларга жетет деген негиз бар;
шериктеш мамлекеттер өз ара эсептешүүлөрүн улуттук валютага активдүү түрдө өткөрө баштады;
КМШнын линиясы боюнча импорттун ордун толтурууга жана технологиялык көз карандысыздыкты камсыздоого, өнөр жай өндүрүшүн жана илимий потенциалды биргеликте өнүктүрүүгө багытталган иштер координацияланды. Жыйынтыгында шериктеш өлкөлөрдүн экономикалык жана каржылык өз алдынчалуулугу бекемделди.
Путин кесиптештерине 2023-жылы КМШ өлкөлөрүндө Орус тили жылын өткөрүү демилгесин колдогонуна ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, орусчаны улуттар аралык сүйлөшүүнүн тили катары макамын сактоо жана жогорулатууга, маданият жаатында бүт дүйнөгө популяризациялоого ыктаган кенен программа иштелип чыккан.
Путин: КМШ өлкөлөрүндө пикир келишпестиктер бар, аны өзүбүз чечүүгө аракет кылабыз