Путин: КМШ өлкөлөрүндө пикир келишпестиктер бар, аны өзүбүз чечүүгө аракет кылабыз

Учурда Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда түшүнбөстүктөр жаралууда, бирок мамлекеттер аны өз алдынча чечүүгө аракет кылып жатат. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал бүгүн Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусун ачып жатып сүйлөгөн.

"Башкысы, биз даярбыз жана кызматташа беребиз. Жадагалса кандайдыр бир көйгөйлүү маселе жаралса, аны өз алдыбызча — биргеликте, бири-бирибизге жолдоштук жардамдарын көрсөтүү жана ортомчулук кылуу менен чечүүгө аракет кылабыз", — деди Путин.

Ошондой эле ал эл аралык аренадагы чакырыктар жана коркунучтар күчөгөнүн эске салды.
Андан соң саммит жабык эшик артында уланды. КМШнын мамлекет башчылары узап бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Американын Украинага Patriot комплексин жөнөтүшү боюнча үн катты