Москвада Рогозинге операция жасалып, денесинен октун чачырандылары чыгарылды

Рогозин 22-декабрда Донецкиде аскердик кеңешчилер тобу менен чогуу Украина тараптын аткылоосуна кабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. “Роскосмостун” мурдагы жетекчиси Дмитрий Рогозинге Москвадагы ооруканалардын биринде операция жасалып, жарылган куралдын чачырандылары денесинен чыгарылды. Бул туурасында РИА Новостиге анын жардамчысы билдирген.
“Дмитрий Олеговичтин моюн омурткасы жагына тийген октун чачырандысын чыгаруу боюнча оор операция жасалды. Ийгиликтүү өттү, абалы жакшырып баратат”, — деди жардамчысы.
Эске салсак, Рогозин 22-декабрда Донецкиде аскердик кеңешчилер тобу менен чогуу Украина тараптын аткылоосуна кабылганы кабарланган. Алардын ичинен бир нечеси жаракат алып, Рогозиндин кеңешчиси курман болгон. Ал эми "Роскосмостун" мурдагы жетекчиси омурткасынан жаракат алганы айтылган. Донецк менен Ростов-на-Дону аймагындагы дарыгерлер жаракат оор болгон үчүн операция жасай алышпай Москвага жөнөтүшкөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкидеги Калинин ооруканасы аткылоого алынды. Видео