БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россияда мигранттар арасында кылмыш арбыганы байкалса, алардын 80 пайызга жакыны баңгизатты мыйзамсыз айлантууга байланыштуу болууда. Бул туурасында РФтин ИИМ башчысы Владимир Колокольцев билдирген. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Биздин алдыбызда көп иштер турат. Бери дегенде эле Россия Федерациясына келген чет элдик жарандардын арасында кылмыштуулуктун көбөйүшү тууралуу маселени алсак, криминалдык иштердин өскөнүн белгилемекчибиз. Алардын ичинен 80 пайызы баңгизатты мыйзамсыз айлантууга байланыштуу болууда. Бул жерде көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы турат", – деп Колокольцев Баңгизатка каршы мамлекеттик комитеттин жыйынында айткан.
Ал Россияда 16 ведомство мигранттардын эмгегинен бенефициарлар болуп саналарын, бирок ага карабастан коом бул тармактагы иштердин жыйынтыгын Ички иштер министрлигинен сурап жатканын айтты.
"Биздин департамент аркылуу жергиликтүү аймактык органдарга тиешелүү бардык тапшырмалар берилген. Башка бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнөн жана иш берүүчүлөрдөн бул бөлүмгө көңүл бурууну суранам", – деп кошумчалаган министр.