Медведев: НАТОну кеңейтүү аракети — Россия менен согушка даярдык

Учурда Россиянын Батыш менен сүйлөшүүсүнө эч кандай негиз жок экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. НАТОну чыгышты көздөй кеңейтүү аракети Москва менен согушка даярдык көрүү болгон. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.
"Азыркы абалда көз карандысыз жана суверендүү мамлекеттердин англо-саксондук дүйнө менен болгон мамилесинде ишеним, өнөктөштөрдүн адептүүлүгүнө үмүт, алардын сөзгө бекем турары тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес", — деп айткан ал.
Медведев ошол эле маалда "Азыр Россиянын Батыш менен сүйлөшө турган эч кими жана эч кандай негизи жок" экендигин кошумчалаган.
Ал бүгүн Россия менен Батышты бириктиргенге караганда алда канча көп нерсе бөлүп жаткандыгын айткан. Медведевдин айтымында, өтүп бараткан жылдагы окуялар ишеним жана урмат-сый менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды.
"Эми көпкө чейин Батыш менен болгон жакшы мамиле тууралуу унутсак болот. Бул биздин тандообуз эмес", — деп белгилеген Медведев.
Ошондой эле азыркы шартта Батыш дүйнөгө адамзатты алдыга алып келе турган эч кандай жаңы идеяларды, жамааттык коопсуздукту сунуштай албастыгы айтылган.
Суроо көп. Медведев НАТО өлкөлөрүнүн аракетине баа берди