Медведев келечекте Батыш альянстары кулап, макроаймактар пайда болорун айтты

Вашингтон менен Лондон Украинадагы кырдаалдан колдонуп, Батышты алсыратууга аракет жасап жаткандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Келечекте Батыш өлкөлөрүнүн альянстары кулап, дүйнөдө бир нече макрорегиондор пайда болот. Алардын ар бири өзүнүн өнүгүү логикасына ээ болот жана жалпысынан алар өнөктөштүк менен диалогго басым жасашат. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев айтканын РИА Новости жазды.
"Эртеби-кечпи, Батыш өлкөлөрүнүн ири жана күчтүү альянстары токтойт. Азыр салттуу түрдө "жалпы душманга" айланган Россиянын алдында дагы алардын өз ара тирешүүлөрү толтура", — деди Медведев.
Вашингтон менен Лондондун Украинадагы кырдаалдан пайдаланып, Европаны жана анын өнөр жай тармагын алсыратуу, Германиянын экономикалык таасирин жана Франциянын аскерий күчүн төмөндөтүү, Кытай менен Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн ортосуна от жагуу жана узак мөөнөттүү пландарды жокко чыгаруу аракети тууралуу да айтылды.
"Жалпысынан алганда бүгүнкү күндө Батыштын бардык ири мамлекеттеринин кызыкчылыктары бири-бирине карама-каршы келет", — деди Медведев.
Ал ошол эле учурда кээ бир европалык мамлекеттер мүмкүн болушунча эгемендүүлүгүн сактап калууга аракет кыларын айткан.
"Польша сыяктуу өлкөлөр өздөрүнүн тузагынан кантип чыгаары өзүнчө кеп. Алсыз кара ниеттиктин жана сейрек кездешүүчү орусфобиясынын үлгүсү болгон Варшава дагы Россия менен тирешүү туңгуюкка алып келгенин моюнга алды", — деп билдирди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.
Ал Балтика боюндагы да "өздөрүн оор абалга кептегендигин", социалдык көйгөйлөр жакынкы убакта бийликти алмаштырууга алып келерин айткан.
Медведев: Батыш өзүн-өзү капаска камап алды