БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин өлкөдөн бир нече ай мурун чыгып кеткен россиялыктарга салыкты көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Кеп акыйкаттык же кайра эле өлкөдөн чыгып кеткендер тууралуу болууда. Аларга кайтып келиши үчүн артыкчылык жана жеңилдик берүү керек деп эсептегендер бар. Бул туура эмес. Алардын эмне үчүн качып кеткени толук түшүнүктүү. Ката кетиргенин түшүнгөндөр кайра кайтып келишти", — деп жазган Володин.
Спикер калктын басымдуу бөлүгү кеткендердин кылыгын жактырбай тургандыгын, алар мекенине, туугандарына жана жакындарына чыккынчылык кылды деп эсептээрин билдирген.
"Бүгүнкү күнгө чейин кеткендер россиялык ишканаларда аралыктан иштеп эле тим болбостон, мыйзамга ылайык бардык жеңилдиктерди пайдаланат. Россиядан кеткендер үчүн жеңилдиктерди жокко чыгарып, аларга салыктын жогорулатылган ставкасын киргизүү туура болмок", — деди төрага.