Кыргызстанда акчанын көлөмү соңку үч жылдагыдан эки эсе көбөйдү

Кеңири аныктамадагы акча базасы 2020-жылдын башында 120 миллиард сом болчу, быйыл 200 миллиарддан ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Декабрь айынын башында Кыргызстанда акча базасынын көлөмү рекордду жаңылады.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, үч маанилүү көрсөткүч боюнча каралган (кашаанын ичинде ушул жылдын ноябрь айынын башында катталган мурдагы рекорддук сандар):
колдонуудагы акча — 194,5 миллиард сом (дээрлик 193 миллиард);
акча базасы — 218,8 миллиард (216 миллиарддан ашуун);
кеңири аныктамадагы акча базасы — 241,2 миллиард (235,6 миллиарддан ашуун).
Муну менен акчанын көлөмү өз көрсөткүчү боюнча 1,5 миллиарддан 5,6 миллиард сомго чейин өскөн.
Кыргызстандагы акчанын көлөмү соңку жылдары көбөйүп жатат. Мисалы, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи жолу 100 миллиард сомго жеткен, ал эми быйыл июлда 200 миллиарддан ашты. Белгилей кетсек, кеңири аныктамадагы акча базасы 2020-жылдын башында эле эки эсе аз болчу, тагыраак айтканда, февралда 120,7 миллиард сом, мартта 116,9 миллиард сом эле.
Колдонуудагы акча — бул насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражат.
Акча базасы — колдонуудагы жана финансылык (депозиттик) уюмдардын кордогу акчасы.
Кеңири аныктамадагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), финансылык уюмдардын депозиттери. Алар Улуттук банкта турат.
Эки айда Улуттук банктын алтын кору 34,5 млрд. сомго көбөйдү