Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту. Талкууланган маселелер

Тараптар коопсуздукту бекемдөө жаатында бирдиктүү пикирге келишкени кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары Баткендин Лейлек районундагы Борбордук айылында жолугушту. Бул туурасында Чек ара кызматы кабарлады.
1 / 2

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары Баткендин Лейлек районундагы Борбордук айылында жолугушту

2 / 2

Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев (КР) менен Ражабали Рахмонали (ТР) буга чейин чек арадагы кырдаалды турукташтыруу жана кызматташтык боюнча кол коюлган протоколду ишке ашыруу маселелерин талкуулашкан.

Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев (КР) менен Ражабали Рахмонали (ТР) буга чейин чек арадагы кырдаалды турукташтыруу жана кызматташтык боюнча кол коюлган протоколду ишке ашыруу маселелерин талкуулашкан.
"Тараптар коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө, кыргыз-тажик чек арасында тынчтык менен туруктуулукту сактоо Борбор Азия регионунда бейпилдикти орнотууга зор салым кошот деген бирдиктүү пикирге келишти", — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөргө макулдашкан:
2023-жылы биргелешкен жумушчу комиссиянын ишин улантуу;
прокуратура органдарына эки өлкө жарандарынын каракталган мүлктөрүн кайтаруу иштерин тездетүүгө өтүнүч жиберүү;
чек арада чагымдарга жол бербөө.
Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода дагы катышкан.
Жапаров Ташиев менен Баткендеги "Достук" чек ара заставасын көрүп чыкты. Сүрөт