БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, "Хан" каймана аты менен белгилүү болгон Алмаз Чигентаев кармалгандан кийин кечирим сурап кайрылды. Анын видеосун УКМКнын маалымат кызматы жарыялады.
Ал коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айткан.
"Ошону менен бирге Алмаз Чигентаев мурда кийин кылган туура эмес иш-аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш-тиричилигин улантуу милдетин алды", — деп жазылат билдирүүдө.
Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылуу сунушталды.
УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05;
УКМКнын Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88.
Белгилей кетсек, 24-декабрда чекисттер Кочкор районундагы кафенин ээсин опузалап айына 1000 доллардан берип турушун талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган. Аларды калкалап, ишти жабууга аракет кылган деп райондук милициянын жетекчилиги да колго түшкөн.