ЖКККББ башчысы: Татиковго айып салган кайгуулчуларга кысым көрсөтүлбөйт

Кызып алып унаа айдап баратып жол инспекторлоруна кабылган аткаминер алардын жетекчисине чалып сүйлөшүп коюшун талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго айып пул салган кайгуулчуларга кысым көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.
Жетекчи окуя болгон учурда Татиков ага чалбаганын жана кимден жардам сураганын да билбей турганын белгиледи.
"Ал кызматкерлер кадимкидей эле иштеп жатат. Эч кандай басым болбойт. Эми алар өз милдетин аткарышты да. Бул окуя боюнча мага да эч ким чалган жок", — деди Исраилов.
Белгилей кетсек, 22-декабрга караган түнү Татиков кызып алып унаа айдап баратканда кайгуулчулар токтоткон. Ал кызмат абалын бетине кармап инспекторлорго телефон сунуп "бул сенин начальнигиң, сүйлөшүп кой" деп айткан. Буга карабай инспекторлор унаасын айып короого, өзүн наркологияга алып барган. Жыйынтыгында аткаминердин ичимдик ичкени аныкталган. Анан "пиво эле ичкем, көрүп жатпайсыңарбы мас эмесмин" деп актанып кирген.
Ал арада Татиковдун жубайы чуу салып, алардын камерага тартпашын талап кылган. Журналисттерге "эртең мага чөгөлөп келип кечирим сурайсыңар" деп каарын төккөн.
Мас айдоочулар күбөлүгүнөн ажырап, айып пул көбөйөт. Мыйзам долбоору талкууда