Кафе ээсине ыдык көрсөткөндөрдү калкалаган Кочкор РИИБдин жетекчилиги кармалды

ИИМ башчысы милицияда бандиттерден корккондор иштебеш керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кочкор райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана анын орун басары ыкчам иштерден кийин кармалганын ИИМ башчысы Улан Ниязбеков министрликтин ишмердүүлүгү боюнча жыйында айтты.
Өткөн аптада, тагыраагы, 24-декабрда УКМК Кочкор районундагы кафенин ээсин опузалап айына 1000 доллардан берип турушун талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган. Алар Камчы Асанбектин (Көлбаев) "адамдары" экени айтылган. Аларды калкалап, ишти жабууга аракет кылган деп райондук милициянын жетекчилиги да колго түшкөн. УКМКнын убактылуу тергөө абагына төрт кишини киргизгени кабарланган.
Ниязбеков кеңешмеде Нарын милициясы айылдык милициянын башчысынан тарта облустук ИИБдин башчысына чейин ошол күнү болгон окуя үчүн жоопкерчиликтүү экенин айтты.
"Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан. Азыркы учурда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынды. Кочкор районунун айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт", — деген министр Ниязбеков.
Ал жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процесси жүргүзүлөрү айтылган.
"Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек. Бир жыл бою айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бердик, эми боло турган коллегияда ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүн, аларга жооп берген башкармалыктардын ишмердигине даректүү баа беребиз. Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн", — деген министр.
Ал акыйкаттыктан эч ким качып кутулбаганын, ишин аткара албагандар коллегияга чейин рапортун жазып кете беришсе болорун эскертти.
Кочкордо кафенин ээсин опузалады деп кармалган "Хан" кечирим сурады. Видео