Бишкектеги аттракциондо эс алуучулардын башы ылдый карап, асылып калышты. Видео

Парктын администрациясы аттракцион коопсуз деп ишендирип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы "Фламинго" паркындагы "Камикадзе" аттракционуна түшүп, эс алып жаткандар баштары ылдый караган тейде асылып калган видео интернетке тарады.
Окуя 25-декабрда кечинде болгон. Парктын администрациясы социалдык тармактагы маалымат сейрек кездешчү, бирок кээде болуп калчу окуя экендигин, себеби электрдик реленин бири иштен чыкканын айтты.
Ал маселе бир нече минутада чечилгенин жана асылып калгандарды аттракциондон аман-эсен чечип алгандыктарын билдирди.
"Камикадзе" — шаардагы коопсуз аттракцион. Бүгүн электрдик реленин тетигин алмаштырып, тесттен өткөрүп текшерип жатышат. Мындай учурлар өтө сейрек, 15-20 жылда бир болот. Бул техника да, ал деле аксайт", — деген администрация.
Парктан аттракционго эс алууга келгендерге "өздөрүнүн коопсуздугу үчүн түйшөлүүгө негиз жоктугун" айтышты.
Балдар ойноп жаткан батут жарылып кетти. Барнаулда тартылган видео