Радио

Бердигулов: эрежени үч жолу бузган айдоочу кайра сынак тапшырышы мүмкүн

ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук-тажрыйба колдонуу башкармалыгынын улук инспектору подполковник Болот Бердигулов үч же андан ашык жол эрежесин бузуп, бирок экзамен тапшырбаган айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн убактылуу ажырашы мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
Учурда Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте экинчи окуудан өттү. Бул тууралуу Болот Бердигулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер мыйзам долбоору күчүнө кирсе үч же андан көп жол эрежесин бузган айдоочу кайра сынак тапшырат.
"Эгер биздин кызматкерлер айдоочуну жолдон токтотуп текшерген учурда маалымат базасынан анын жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузгандыгы көрсөтүлсө, "Унаа" ишканасына жөнөтүшөт. Токтомду алган күндөн баштап үч айдын ичинде сынак тапшырышы керек. Кандайдыр бир себептерден улам үч айдын ичинде экзамен тапшырбаса чогултулган материалдын негизинде айдоочулук күбөлүгү убактылуу жараксыз деп табылат. Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда төрт берене боюнча айдоочуну транспортту башкаруу укугунан ажыратуу боюнча жазылган. Бирок бул нерсени сот гана чечет. Биздин кызматкерлер протокол гана түзүшөт", — деди Бердигулов.
Ал аталган мыйзам долбоорунда жол эрежелеринин оор түрүн бузган учурларда гана айып пулду жогорулатуу демилгеси каралып жатканын кошумчалады.