БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Батыш өзүн эч ким баш бага алгыс чеп сымал капаска камап алды, эми ал адамзатты алдыга сүрөп чыкчу эч нерсе сунуштай албайт. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев "Российская газета" басылмасындагы макаласында билдирди.
"Батыштын өз эркин таңуулап, өзү гана башкаруучу болгон бир полярдуу дүйнө тууралуу кыялы орундалбай калды. Керек болсо азыркы тапта Батыш дегеле адамзатты алдыга сүрөп чыга турган, глобалдуу көйгөйлөрдү чечип, жамааттык коопсуздукту камсыздай турган эч нерсе сунуштай албайт", — деди Медведев.
Ал батыштык дүйнө таанымдын, дүйнө тартибинин кыйраганын айтып, ушу тапта бул болушунча ачыкталганын билдирди.