Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыш жакында эки тизгин, бир чылбырдан биротоло кол жууйт

Россиянын дипломаты Батыш Россия менен болгон мамилесин толугу менен токтотконун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү жакында дүйнөлүк экономиканы башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Сергей Лавров россиялык ЖМК башчылары менен жолугушуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Жакынкы келечекте Батыштын алсыроосуна, дүйнөлүк экономиканы өзү каалагандай башкаруу мүмкүнчүлүгүнүн кыйла кыскарышына күбө болобуз деп ишендирип кетем. Каалайбы-жокпу, сүйлөшүүгө барышы керек", — деди дипломат.
Тышкы иштер министри Батыш Россия менен дээрлик бардык мамилесин токтотконун белгиледи. Анын айтымында, Москванын экономика, социалдык, маданият жана спорт тармагында кызматташа турган өнөктөшү бар.
"Батыштын артынан чуркабай турганыбызды бир нече ирет айтканбыз. Ошондой эле тарапташтарыбыз менен мамилени чыңдайбыз. Кээде өтө катаал компромисске барууга туура келген учурлар болду, бирок эч качан алдап кетмей деген болгон эмес. Батыш менен баары тескерисинче болуп жатат", — деп кошумчалады Лавров.
Украинада атайын операциянын башталышы менен Европа өлкөлөрү Москвага каршы экономикалык санкциянын түрүн киргизип, россиялык энергоресурстан биротоло баш тартмай болушкан. Путин Москваны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясына айланганын, башкы максаты миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыштын экономикалык согуш тактикасы ишке ашкан жок