Жапаров Ташиев менен Баткендеги "Достук" чек ара заставасын көрүп чыкты. Сүрөт

Өлкө башчы Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын белгилеген
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы "Достук" чек ара заставасына барганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы "Достук" чек ара заставасына барганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

2 / 5

Мамлекет башчы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышып чыккан

3 / 5

Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди

4 / 5

"Президент Жапаров Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта

5 / 5

Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатканы кошумчаланды.

Мамлекет башчы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышып чыккан. Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди.
"Президент Жапаров Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатканы кошумчаланды.
Жапаров Баткенге барып, чек ара жаңжалынан талкаланган үйлөрдүн курулушун көрдү