БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет кыргызстандык нефтетрейдерлер башка өлкөлөрдөн бензинди кандай баада сатып алганын айтып берди.
Башкармалыктын 10 ай ичиндеги отчётунда (учурдагы отчёт) өлкөгө 597,3 миллион литрден ашык бензин ташылып келингени айтылат. Ошол эле учурда 2021-жылдын ушул эле мезгилиндеги жеткирүүлөрдүн көлөмү 805,8 миллион литрди түзгөн. Башкача айтканда, импорт быйыл дээрлик 35 пайызга кыскарган.
Кыргызстан үчүн негизги импортер — Россия. Көрсөтүлгөн мөөнөттө Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан өлкөгө күйүүчү майдын жалпы көлөмүнөн 98 пайызы келген. Орто эсеп менен бир литрдин баасы 40,3 сомду түзгөн. Сатуу баасы 2021-жылдан бери 20 пайызга жогорулаган (6 сомдон ашык).
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өлкөгө бензин Беларустан, Казакстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан да алып келинген. Анын ичинен эң кымбаты Беларустан ташылып келинген литри 83 сом болгон күйүүчү май болду. Бирок бул өлкөдөн 246 литрлик чакан партия импорттолгон.
Казакстандан бензин орточо эсеп менен 42,6 сомдон алынып келинсе, Өзбекстан менен Түркмөнстан күйүүчү майдын литрин 52-53 сомдон саткан.