Кыргыздардын кыштоодогу турмушу. Бир кылым мурунку жашоонун сүрөттөрү

Кыргыздар илгери күн сууктаганда кыштоого көчүп келген. Sputnik Кыргызстан агенттиги элдик чарбанын кыш мезгилинде тартылган кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Кыргыздар сентябрда жайлоодон этекке түшүп кышка даярданган. Октябрда малды чөп кечирээк жетилген тоонун тескейине жайып, аңыздарга кайтарган. Ноябрь айында суу тартылып, кар калыңдаганда көчмөн эл жазга чейин кыштоодо болгон. Кыштоолор негизинен мал көп барбаган далдоо, чөбү жакшы сакталган жерлерден орун алган.
Тема боюнча:
Ош шаары 100 жыл мурун кандай болгон? Архивдик сүрөттөр
Унутулгус образдар, бийик чеберчилик. Советбек Жумадыловдун сүрөттөгү элеси