Бишкектин четиндеги коттедждер шаарчасында ресторан күйүп кетти. Сүрөт

Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Ордо коттедждер шаарчасында жайгашкан Villa V Club рестораны күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
1 / 3

Бишкектин четиндеги Ордо коттедждер шаарчасында жайгашкан Villa V Club рестораны күйүп кетти

2 / 3

Өрттү өчүрүүгө үч бригада барган. Кошумча 11:18де штаб, 11:23тө суу ташуучу унаа, 11:45те атайын унаа менен ыкчам топ тартылган.

3 / 3

Тилсиз жоо саат 12:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө

Билдирмеге караганда, Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы ресторандан өрт чыкканы тууралуу саат 11:00 чамасында маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө үч бригада барган. Кошумча 11:18де штаб, 11:23тө суу ташуучу унаа, 11:45те атайын унаа менен ыкчам топ тартылган.
Тилсиз жоо саат 12:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Кырсыктан жабыркагандар жок.
Ош: бензин куюлган цистерна кишини басып калды. Кырсыктан кийинки видео